Дмитрий Бивол Екатеринбургда германиялык Айферт менен беттешет

Спорт Загрузка... 31 Март 2026 09:00
83d38b95-e6b6-4085-a0bf-cb301c6f5a07.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 31.03.26. /Кабар/. IBF, WBO жана WBA версиялары боюнча жарым оор салмактагы чемпион Дмитрий Бивол RCC Boxing Promotions иш-чарасында IBF версиясы боюнча атаандашы германиялык Михаил Айферт менен беттешет. Бул тууралуу мелдештин уюштуруучулары билдиргенин Интерфакс жазды.

Ага ылайык, турнир 30-майда Екатеринбургда өтөт. Социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Дмитрий Бивол күйөрмандарга кызыктуу беттеш болорун убада кылды.

"Алдыда эки айлык катуу даярдык турат. Ар бириңерди көрүүгө кубанычта болом", — деп айтты ал.

Биволдун профессионалдык рингде 24 жеңиши (12си нокаут менен) жана бир жеңилүүсү бар. Дмитрий Бивол акыркы жолу Россияда 2021-жылдын декабрь айында беттешип, Екатеринбургда өткөн RCC Boxing Promotions иш-чарасында россиялык Умар Саламовду жеңип алган. Ошондон бери Бивол Саул Альварес, Хильберто Рамирес, Малик Зинад жана Линдон Артурду жеңген.

2024-жылдын октябрь айында Бивол жарым оор салмактагы дүйнө чемпиондугу үчүн россиялык Артур Бетербиев менен беттешип, Бетербиев көпчүлүк добуш менен жеңип алган. Бирок 2025-жылдын февраль айында Бивол WBC курун кайтарып алып, андан кийин аны бошоткон.

Айфертке келсек, анын 13 жеңиши (бешөө нокаут менен) жана бир жеңилүүсү бар.