ДКО — 2026: Коопсуздук боюнча штабдын жыйыны өттү

Көчмөндөр оюндары-2026 3 сентябрь 2026 17:00
IMG_7187.jpeg
IMG_7186.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_7187.jpeg
IMG_7186.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Ысык-Көл, 03.09.26. /Кабар/. Бүгүн, 3-сентябрда Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков пезидент Садыр Жапаровдун тескемеси менен VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүдө коопсуздук маселелерин камсыздоо боюнча түзүлгөн Координациялык штабдын иш-чараларынын алкагында мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жумушчу жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө ички иштер, улуттук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдар, саламаттыкты сактоо жана башка мамлекеттик органдардын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү учурунда коопсуздукту камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар боюнча маалыматтары угулду.

Адилет Орозбеков Кыргыз Республикасында өткөрүлгөн ири эл аралык иш-чаралар эң жогорку деңгээлде өткөнүн баса белгиледи. Координациялык штабдын координациялоосунда укук коргоо органдары, атайын жана күч түзүмдөрү тарабынан көрүлгөн чаралардын аркасында бул иш-чаралар өз нугунда тынч кырдаалда өттү.

Коопсуздук кеңешинин катчысы ушундай иштер VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүнүн бүткүл мезгилинде жүргүзүлүшү керектигин айтты.

Жумушчу жыйындын жыйынтыгында бардык тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына коопсуздукту камсыз кылууга багытталган тиешелүү көрсөтмөлөр берилди.