Баскетбол боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Людмила Базаревич көз жумду

Спорт Загрузка... 28 Ноябрь 2025 09:50
WhatsApp Image 2025-11-28 at 09.31.56.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 28.11.25 /Кабар/. СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери, баскетбол боюнча эки жолку дүйнө чемпиону Людмила Базаревич 87 жашында каза болду. Бул тууралуу Россиянын Баскетбол федерациясына таянып, Известия билдирди.

Людмила Базаревич спорттук карьерасын Виталий Ярошевскийдин кол алдында баштап, СССР курама командасы менен бирге 1964 жана 1967-жылдары дүйнө чемпиону болгон. Ошондой эле беш жолу Европанын чемпиону, СССРдин чемпиону болгон.

Ал белгилүү баскетболчу жана мурунку Россия курама командасынын башкы машыктыруучусу Сергей Базаревичтин апасы. Анын небереси Дмитрий да баскетбол ойноп жүрүп, азыр “Химки” командасынын машыктыруучулар штабынын мүчөсү.