Баткендин Мадыген аймагы дүйнөлүк баалуу мурастар тизмесине кирди

Аймак 26 11 Август 2026 12:00
772044052_1599480791881256_2164373279939453040_n.jpg
772232406_2585373585315741_6816533080522742816_n.jpg
771939690_1448961303728169_5852025034154831760_n.jpg
773102397_1414644663817419_5448922579321811992_n.jpg
769010531_1402107945234282_9026236377277602586_n.jpg
770584613_1572383584595978_1816390877560128203_n.jpg
Алдыга
Артка
772044052_1599480791881256_2164373279939453040_n.jpg
772232406_2585373585315741_6816533080522742816_n.jpg
771939690_1448961303728169_5852025034154831760_n.jpg
773102397_1414644663817419_5448922579321811992_n.jpg
769010531_1402107945234282_9026236377277602586_n.jpg
770584613_1572383584595978_1816390877560128203_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 11.08.26. /Кабар/. Баткен облусунда дүйнөлүк палеонтология илими үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон Мадыген аймагына арналган "Мадыген: дүйнөлүк маанидеги палеонтологиялык кенч" аттуу эл аралык талаа симпозиуму өтүп жатат.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, иш-чарага Баткен облусунун башчысынын орун басары Максатай Каримбердиева, Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов, Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин директору Талантбек Турдуматов, Алматы шаарындагы К.И. Сатпаев атындагы Геология илимдери институтунун директорунун орун басары Саида Нигматова, ошондой эле кыргызстандык жана чет өлкөлүк окумуштуулар, адистер жана изилдөөчүлөр катышууда.

Мадыген аймагы дүйнөлүк маанидеги палеонтологиялык мурас катары бааланып, дүйнөлүк баалуулуктар тизмесине киргизилди. Симпозиумда Мадыгендин дүйнөлүк палеонтологиядагы орду, аймактын уникалдуу табигый мурасын сактоо жана эл аралык илимий кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланууда.

Ошондой эле Мадыгендин илимий жана туристтик потенциалын жогорулатуу, геотуризмди өнүктүрүү боюнча пикирлер айтылууда.

Иш-чаранын уюштуруучулары — Улуттук илимдер академиясынын Геология жана палеонтология институту, Тянь-Шань геологиялык коому жана "Мадыген Геопарк" коомдук фонду.

Иш-чаранын жүрүшүндө Мадыгенди изилдөөгө жана дүйнөлүк илимий коомчулукка таанытууга салым кошкон окумуштууларга Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атынан ыраазычылык каттары тапшырылды.