Бишкек, 08.09.25. /Кабар/. Австралияда жарганаттар алып жүрүүчү жаңы патоген табылганын The Telegraph гезитине таянуу менен Lenta.ru билдирди.
Оору козгогуч Солт-Галли вирусу деп аталды. Бул Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) "артыкчылыктуу патогендер" катары классификациялаган Nipah и Hendra менен байланыштуу.
Учурда Солт-Галли адамдарга жугушу мүмкүн деген эч кандай далил жок. Австралиянын Улуттук илим агенттигинин изилдөөчүлөрү кырдаал келечекте кандай өнүгө турганын жана анын жайылышы оорулардын чыгышына алып келер-келбесин так айта албай турганын белгилешти.
Буга чейин белгилүү болгондой, азеластин менен антигистаминдик спрей вируска каршы таасир этиши мүмкүн. Дарыны үзгүлтүксүз колдонуу COVID-19 жана башка респиратордук инфекцияларды жуктуруп алуу коркунучун дээрлик үч эсе азайтат.