Бишкек, 25.08.26. /Кабар/. Дүйнөлүк океандын орточо температурасы 22-августта 21,1 градуска жетти. Бул тууралуу ТАСС жазды.
Маалыматка ылайык, бул Copernicus программасынын 1979-жылдан баштап океанды байкоодогу эң жогорку көрсөткүчү. Дүйнөлүк океандын орточо температурасы 2024-жылдын мартында коюлган мурунку рекорддон 21,09 градустан ашты.
Copernicus бул рекорддук температура океандын орточо температурасынын жогорулашынын узак мөөнөттүү тенденциясына жана Тынч океанында байкалган Эль-Ниньо кубулушуна дал келерин белгиледи, ал батыш Тынч океанында суунун температурасынын жогорулашы менен мүнөздөлөт.
Климатологдор ошондой эле океандын эң жылуу температурасы адатта Түштүк жарым шарда март жана апрель айларында болот. Мындан тышкары, деңиз суунун температурасы быйыл дээрлик күн сайын рекорддорду жаңылап жатканы айтылууда.