Дүйнөлүк модельер Жорджо Армани эки мурас кагазын калтырып кеткен

Дүйнө Загрузка... 12 Сентябрь 2025 10:50
WhatsApp Image 2025-09-12 at 10.52.30.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 12.09.25 /Кабар/. Италиялык атактуу модельер Жорджо Армани жашыруун түрдө эки мурас кагазын калтырып кеткен. Бул тууралуу ANSA агенттигине таянып, Коммерсант билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, мурас кагаздар нотариус тарабынан ачылган, бирок алардын мазмуну азырынча коомчулукка айтылган жок. Армани аларды өзү жазып, өзү мөөр баскан. Биринчисин быйыл 15-мартта, экинчисин 5-апрелде жазылган. Дизайнер көз жумганга чейин бул тууралуу эч ким билген эмес.

Модельер 4-сентябрда, 91 жашында дүйнөдөн кайтты. Анын балдары болбогонуна байланыштуу түздөн-түз мураскорлору жок. Байлыгы болжол менен 11–13 млрд евро деп бааланат. Ал көп бренд ээлеринен айырмаланып, “Giorgio Armani” үйүнө өмүр бою өзү ээлик кылып келген. Мындан сырткары, Армани люкс көз айнек чыгаруучу EssilorLuxottica, яхта өндүрүүчү The Italian Sea Group сыяктуу компаниялардын үлүштөрүнө жана бир нече виллаларга ээ болгон.