Дүйнөлүк метеорологиялык уюм: абанын булганышы коомдук саламаттык үчүн чоң коркунуч бойдон калууда

Дүйнө Загрузка... 12 Сентябрь 2025 14:00
WhatsApp Image 2025-09-12 at 12.31.29.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 12.09.25 /Кабар/. Дүйнөдө миллиарддаган адамдар булганган аба менен дем алууда. Бул жыл сайын 4,5 миллиондон ашык адамдын эрте өлүмүнө алып келет. Бул тууралуу БУУнун Дүйнөлүк метеорологиялык уюму (ДМУ) билдирет.

Анда уюмдун илимий кызматкери Лоренсо Лабрадор изилдөөнүн жыйынтыгы жөнүндө “Аба чек араны тааныбайт. Климат өзгөргөндөн улам токой өрт сезону узарып, күчөп баратат. Пиреней жарым аралындагы рекорддук өрттөрдөн чыккан түтүн Батыш Европага жетип, бүт континентке жайылышы мүмкүн”,-деп белгилеген.

Маалыматта белгиленгендей, ошол эле учурда айрым аймактарда, айрыкча Чыгыш Кытайда жана Европада, абаны булгоочу заттардын чыгышы азайган. Мисалы, Шанхайда жаңы сейил бактар курулуп, бак-дарак отургузулуп, көптөгөн адамдар электр унааларын колдонууга өткөн.

Бирок дүйнөдөгү шаарлардын көпчүлүгү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун аба сапаты стандарттарына жооп бербейт. Мындан улам абанын булганышы коомдук саламаттык үчүн чоң коркунуч бойдон калып жатканы белгиленет.

Күкүрт кычкылы (SO₂) жана азот оксиддери (NOₓ) азайганы менен жер үстүндөгү озон деңгээли төмөндөгөн жок. Бул глобалдык ысыктын жана күн нурунун катышуусунда атмосферада жүргөн химиялык реакциялардын натыйжасы болуп саналат.

Бюллетенде климаттын өзгөрүшү менен абанын сапаты тыгыз байланышта экендиги баса белгиленип, бул маселелерди биргелешип чечүү зарылдыгы айтылат.

БУУ ошондой эле үй шартындагы абанын булганышына каршы күрөштү жетектейт, бул өзгөчө балдар үчүн кооптуу.

Белгилей кетсек, ДМУ – бул глобалдык климат, аба ырайы, суу ресурстары жана абанын сапаты боюнча маалымат топтоп, изилдөөлөрдү жүргүзгөн БУУ атайын уюму.