Дүйнөлүк медиа Көчмөндөр оюндарынын ачылышын кеңири чагылдырды

Коом 1 сентябрь 2026 17:10
Дүйнөлүк медиа Көчмөндөр оюндарынын ачылышын кеңири чагылдырды
copyright icon WWW

Бишкек, 01.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Бишкекте өткөн ачылыш аземи дүйнөлүк жана эл аралык медианын көңүлүн бурду. Бул тууралуу Номад ТВ жазды.

Расмий ачылыш аземине Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Ирандын президенти Масуд Пезешкиан, Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана биринчи айымы Мехрибан Алиева, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана биринчи айымы Зироат Мирзиёева, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жана биринчи айымы Эмине Эрдоган, Россиянын президенти Владимир Путин, Египеттин премьер-министринин орун басары Хусейн Мохамед Ахмед Исса, Вьетнамдын вице-президенти Во Тхи Ань Суан, БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш, Лаостун президенти Тхонглун Сисулит, Того Республикасынын министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе, Беларусь президенти Александр Лукашенко, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди бар.

Reuters Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Борбор Азиядагы, айрыкча түрк элдериндеги салттуу спорт менен маданиятты даңазалаган жана көчмөн цивилизациянын мурасын жайылтуучу эл аралык фестиваль деп мүнөздөдү.

ТАСС Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Россия үчүн да маанилүү окуя катары көрсөтүп, кийинки оюндарды 2027-жылы Казанда өткөрүү маселесине басым жасады.

Associated Press ачылыш аземин ШКУ саммити тууралуу кеңири материалынын бир бөлүгү катары чагылдырып, дүйнө лидерлеринин "Бишкек Аренадагы" сүрөттөрүн жарыялады.

Anadolu ачылышта өлкөлөрдүн парады өтүп, кыргыз тарыхы менен маданиятын чагылдырган театралдаштырылган оюн, ат үстүндөгү көрсөтүүлөр жана лазердик шоу тартууланганын жазды. Агенттик иш-чара түрк дүйнөсүнүн маданий байланышын бекемдей турганын белгиледи.

The Times of India Нарендра Моди менен Владимир Путин эки тараптуу жолугушуудан кийин ачылыш аземине бир унаада чогуу келгенине өзгөчө көңүл бурду. Басылма оюндарды Кыргызстандын Борбор Азиянын салттуу спортун жана маданий мурасын дүйнөгө тааныткан иш-чара катары сыпаттаган.

The Economic Times Модинин колундагы илбирс оюнчукка көңүл буруп, ал кытайлык Лабубу эмес, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий талисманы Батай экенин түшүндүрдү. Басылма ак илбирс Кыргызстандын улуттук сыймыгы жана көчмөн маданиятын дүйнөгө тааныткан символ экенин жазды.

AZERTAC ачылыш аземде Ильхам Алиев жубайы менен катышканын негизги планга чыгарды. Агенттик салтанаттан видео жана сүрөттөрдү жарыялап, оюндарды көчмөн элдердин спорттук жана маданий мурасын бириктирген эл аралык иш-чара катары чагылдырган.

БелТА Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын материалдык эмес мурасты, этноспортту жана элдердин маданий өзгөчөлүгүн сактоого багытталган эл аралык кыймыл деп мүнөздөдү.

Iran Press "Бишкек Аренадагы" салтанатта Ирандын президенти Масуд Пезешкиан атайын конок болгонун белгиледи. Басылма оюндарды көчмөн элдердин салттуу спорту менен маданиятын сактап, дүйнөгө жайылтуучу эл аралык аянтча катары мүнөздөдү.

Dawn гезити Пакистан премьер-министр Шахбаз Шарифтин ачылыш аземине катышканын анын Бишкекке болгон үч күндүк сапарынын маанилүү бөлүгү катары көрсөткөн.

Кытай медиалары Кыргызстан менен Кытайдын биргелешкен билдирүүсүн жарыялап, анда Пекин VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Кыргызстанда өтүшүн кубаттаганы айтылды.

Viory Эл аралык видеоагенттик ачылыш аземи жаңы курулган "Бишкек Аренада" өткөнүн белгилеп, иш-чарадан түз эфир жана видеоматериал сунуштады. Агенттик оюндарды ар башка элдердин маданиятын, каада-салтын, баалуулуктарын жана улуттук спортун бириктирген эл аралык аянтча деп мүнөздөдү.

Мындан башка жакынкы жана алыскы бордош өлкөлөрдүн басылмалары да иш-чараны кеңири чагылдырып, көчмөндөр оюндарын "жандуу тарых жана маданияттардын гармониясы" деп атады. Оюндардын башкы максаты көчмөн элдердин улуттук спортун гана эмес, алардын жашоо образын, музыкасын, кол өнөрчүлүгүн жана тарыхый эстутумун сактоо экенин белгиледи.