Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи тынч өттү – ИИМ — Кабар

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи тынч өттү – ИИМ

Коом 1 сентябрь 2026 09:15
781338963_1469561001859563_3517021781493794101_n.jpg
784426879_1469561011859562_5995198839932613094_n.jpg
784426886_1469561118526218_3519164770142242955_n.jpg
786422960_1469561055192891_5925812391667658065_n.jpg
790268771_1469561105192886_4184934718180648203_n.jpg
792324055_1469561071859556_2145563971311791527_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon ИИМ

Бишкек, 01.09.26. /Кабар/. Күн мурун, 31-августта Бишкек шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи тынч өттү.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, бардык тартылган кызматтардын биргелешкен жана так иш алып баруусунун натыйжасында иш-чара ырааттуу өтүп, коомдук тартиптин бузулушуна жана ар кандай кырсыктарга жол берилген жок.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери иш-чара өткөн аймакта, ага жакын жайгашкан көчөлөрдө жана башка объектилерде коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылышты.

"Учурда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда. Укук коргоо органдары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан мезгилде иш-чаранын катышуучуларынын, коноктордун жана борбор калаанын тургундарынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрүп жатышат", - деп айтылат маалыматта.

ИИМ жарандарды коомдук тартипти сактоого, милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарууга жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында көрүлүп жаткан чараларга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.