Көчмөндөр оюндары: "Биримдик кербени" аймактык долбоору Баткенден башталды

Аймак 10 Июнь 2026 15:00
721099594_1540593980767385_6131933347352259990_n.jpg
721224301_1540593850767398_4234839264873710179_n.jpg
720041034_1540593717434078_1191239566756096622_n.jpg
721383180_1540593737434076_7744684234101085723_n.jpg
721297909_1540590160767767_6737671893438495891_n.jpg
721881113_1540590074101109_8733067214583274271_n.jpg
721801703_1540590084101108_2335130582096645894_n.jpg
719951879_1540590080767775_1922882054735195803_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 10.06.26 /Кабар/. 2026-жылы өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулуп жаткан "Биримдик кербени" долбоору Баткен облусунан расмий түрдө старт алды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, долбоордун алкагында түзүлгөн "Баатыр" жана "Элчилер" топтору Баткен облусундагы касиеттүү Суу-Башы булагынан атайын жасалган көөкөргө суу алып, маданий программанын коштоосунда облус борборунун башкы аянтына чейин кербен жүрүшүн өткөрүштү.

Иш-чарага облус башчысы Мамыржан Рахимов катышып, долбоордун башталышы менен куттуктады. Ал өз сөзүндө "Биримдик кербени" өлкөнүн бардык аймактарын бириктирген маанилүү руханий демилге экенин белгилеп, улуттук ынтымак менен биримдиктин баалуулуктарына токтолду.

Долбоордун расмий өнөктөштөрү дагы иш-чарага активдүү катышты. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий банкы болгон "А-Банк" кербен суусун сактоо үчүн атайын жай уюштурду. Ал эми расмий транспорттук өнөктөш Chevrolet Kyrgyzstan кербенди атайын брендделген автоунаалары менен коштоду.

Ошондой эле долбоордун алкагында ЮНИСЕФ тарабынан атайын балдар кербени уюштурулуп, жаш өспүрүмдөр үчүн улуттук оюндардын көрсөтмө программалары өткөрүлдү.

Суу алынган Суу-Башы булагы Баткен районунун Кара-Булак айылынын жогору жагындагы тоо этегинде жайгашкан касиеттүү жайлардын бири болуп саналат.

"Биримдик кербени" долбоорунун негизги максаты — Кыргызстандын бардык аймактарындагы касиеттүү булактардан алынган сууларды бириктирип, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жеткирүү. Чогултулган суу элдердин достугунун, ынтымагынын жана биримдигинин символу катары көрсөтүлүп, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы атайын салтанаттуу аземдерде колдонулат.