Дүйнөлүк экономикага коркунуч келтирген үч негизги фактор аныкталды

Дүйнө Загрузка... 06 Ноябрь 2025 11:30
owl_detail_620_6a3a.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 06.11.25. /Кабар/. Дүйнөлүк экономика каржы рыногундагы үч "көбүкчөдөн" сак болушу керек деп эскертти. Бул тууралуу Дүйнөлүк экономикалык форумдун (ВЭФ) башчысы Берге Бренденин айткандарына таянып, Reuters агенттиги билдирди.

Дүйнөлүк технологиялык акциялардын кескин төмөндөшүнө комментарий берип жатып, ал учурда үч "көбүкчө" пайда болуп жатканын билдирди. Биринчиси - криптовалюта көбүгү. Экинчиси - жасалма интеллект (ЖИ) көбүгү. Үчүнчүсү - карыз көбүгү.

Бренде өкмөттөр 1945-жылдан бери мынчалык карызга батпаганын айтты.

Белгиленгендей, бир нече айдан бери рыноктор жогорку пайыздык чендер, туруктуу инфляция жана соода башаламандыгы жөнүндөгү кооптонууларды этибарга албай, ЖИ дүйнөлүк экономикалык жана бизнес келечегин өзгөртөт деп күтүшкөн. Бренденин айтымында, жасалма интеллект өндүрүмдүүлүктүн олуттуу өсүшүнө мүмкүнчүлүктөрдү берет, бирок ал көптөгөн ак жакалуу жумуш орундарына да коркунуч келтириши мүмкүн.

Октябрдын биринчи жарымында Эл аралык валюта фондунун аналитиктери да ЖИ буму өтө оптимисттик күтүүлөрдөн улам чоң кыйроого алып келиши мүмкүн экенин эскертишти. Алардын айтымында, бул рыноктун кыйрашы ушунчалык күчтүү болот, аны 2000-2001-жылдардагы доткомдордун кыйрашы менен салыштырууга болот.