Дүйнөлүк чемпионат - 2026. Европа тандоо турунун финалисттери аныкталды

Спорт Загрузка... 27 Март 2026 11:00
wpid-chm.jpg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.03.26. /Кабар/. 2026-жылдагы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алуу укугу үчүн Европанын плей-офф раундунун финалдык этабынын бардык катышуучулары аныкталды. Бул тууралуу "Чемпионат" сайты билдирет.

Финалдык жуптар:

  • Чехия — Дания;
  • Косово — Түркия;
  • Босния жана Герцеговина — Италия;
  • Швеция — Польша.

Беттештер 31-мартта өтөт.

Ал эми дүйнөлүк чемпионат 11-июнда башталып, 19-июлда аяктайт. Турнирге биринчи жолу 48 команда катышып, үч өлкөдө — АКШ, Канада жана Мексикада ойношот.

Белгилей кетсек, Аргентина — учурдагы дүйнө чемпиону. 2022-жылы турнирдин финалында Аргентина курама командасы Франция менен беттешип, жеңишке жеткен.