Бишкек, 05.11.25. /Кабар/. Дүйнөлүк биржаларда мунайдын баасы көтөрүлдү. Бул тууралуу АЗЕРТАЖ агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, Лондондун ICE (InterContinental Exchange) биржасында Brent мунайынын баасы 0,09 долларга кымбаттап, баррелине 64,53 долларды түздү.
Ал эми Нью-Йорктун NYMEX биржасында (New York Mercantile Exchange) мунайдын баррели 0,07 долларга кымбаттап, 60,63 долларды түздү.