Бишкек, 15.10.25 /Кабар/. Gucci, Chloé жана Loewe деген үч мода үйү Евробиримдиктин Монополияга каршы органы тарабынан чекене өнөктөштөрү үчүн кайра сатуу баасын белгилегени үчүн 157 миллион евро өлчөмүндө айып пулга жыгылды. Бул тууралуу Reuters кабарлады.
Айрыкча, эң көп айыпка Gucci компаниясы жыгылды. Ал 119,7 миллион евро өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирилди. Chloe жана Loewe компаниялары тиешелүү түрдө 19,7 жана 18 миллион евродон айып пулга жыгылды.
Маалыматка ылайык, бул «люкс» класстагы компанияларга карата көзөмөлдүн күчөшүн көрсөтөт.
Европейская комиссиясынын билдирүүсүндө бул үч компания өздөрүнүн чекене сатуучуларынын соода стратегияларына кийлигишип, аларга чектөөлөрдү койгон. Бул чектөөлөр сунушталган чекене баалардан, максималдуу арзандатуулардан жана белгилүү сатуулар мезгилдерин бузбоону талап кылат. Мындай кадамдар чекене сатуучулардын баа түзүүдө эркиндигин жок кылып, атаандаштыкты төмөндөттү.
Айып пул тууралуу чечим кабыл алынгандан кийин, Loewe компаниясы монополияга каршы мыйзамдарга так ылайык иш алып барууга» убада берди, ал эми Chloe бул маселеге «абдан олуттуу мамиле кыларын» айтып, монополияга каршы аракеттерди күчөткөнүн айтты.