Дүйнөдөгү жылуулук фонунда Кыргызстанда күз кандай болот?

Коом 17 сентябрь 2026 18:15
Дүйнөдөгү жылуулук фонунда Кыргызстанда күз кандай болот?
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Дүйнөдө акыркы айларда адаттан тыш ысык аба ырайы катталып, айрым аймактарда температуралык рекорддор жаңыланууда. Европа өлкөлөрүндө да жай мезгилинде бир нече ирет ысык толкундары байкалды. Мындай шартта Кыргызстанда күз айларында аба ырайы кандай болору кызыгуу жаратууда.

Бириккен Улуттар Уюму дүйнөдө экстремалдуу ысык күчөшү мүмкүн экенин эскертип, мамлекеттерди климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине каршы чараларды күчөтүүгө чакырды.

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриштин маалыматына ылайык, күчөп жаткан Эль-Ниньо кубулушу жакынкы айларда температуралык рекорддордун жаңыланышына алып келиши мүмкүн.

Дүйнөлүк метеорология уюмунун божомолуна караганда, 2026-жылдын август–октябрь айларында Жердин көпчүлүк аймактарында абанын температурасы климаттык нормадан жогору болушу күтүлүүдө.

Кыргызстанда да август айы адаттагыдан жылуураак болуп, өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында абанын температурасы климаттык нормадан жогору катталды. Сентябрдын биринчи жарымында да салыштырмалуу жылуу аба ырайы басымдуулук кылды. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынын Болжолдоолор бөлүмүнүн башчысы Айзада Абдывалиева “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, айлык болжолдоого ылайык, сентябрда абанын орточо температурасы жана жаан-чачындын көлөмү негизинен климаттык нормага жакын болот.

“Сентябрь айы жалпысынан климаттык нормага жакын болот деп болжолдонууда. Буга карабастан, айдын биринчи жарымында аба ырайы бир кыйла жылуу болду. Ал эми октябрь айында жылуу аба ырайынын фону кыйла даана байкалат деп күтүлүүдө”, — деди Абдывалиева.

Адистин маалыматына караганда, октябрь айында Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө айлык орточо температура климаттык нормадан 1–1,5 градус жогору болушу мүмкүн.

Ал эми Ысык-Көл жана Нарын облустарында, ошондой эле өлкөнүн башка аймактарынын тоо этектеринде жана тоолуу жерлеринде температура климаттык нормага жакын болот деп күтүлүүдө. Октябрь айында жаан-чачындын көлөмү өлкө боюнча негизинен климаттык нормага жакын болушу болжолдонууда.

2025-жылдын сентябрь айы менен салыштырганда, былтыр өлкөнүн көпчүлүк аймактарында абанын температурасы климаттык нормадан жогору болгон. Быйылкы сентябрда болсо температуралык көрсөткүчтөр климаттык нормага жакыныраак болору күтүлүүдө.

Ал эми климатологдор аба ырайынын өзгөрмөлүүлүгүнө алдын ала даяр болуп, өзгөргөн шарттарга ылайыкташуу зарылдыгын белгилешет.

Кыргыз улуттук университетинин география, экология жана туризм факультетинин деканы, климатолог Рыскүл Токторованын айтымында, Эль-Ниньо сыяктуу табигый климаттык кубулуштар мезгил-мезгили менен кайталанып турат. Ошондуктан аба ырайындагы өзгөрүүлөргө даяр болуу маанилүү.

“Климаттык өзгөрүүлөрдү токтотууга же башкарууга мүмкүн эмес. Ошондуктан мындай шарттарга даяр болушубуз керек. Аба ырайынын өзгөрүшүнө ылайыкташып жашоону үйрөнүү зарыл. Кээ бир мезгилдерде өзгөрүүлөр күчөсө, убакыттын өтүшү менен кайра калыбына келип турат. Бул жаратылышта болуп келген жана мындан ары да боло бере турган көрүнүш”, — деди ал.