Дүйнөдөгү миллиардерлердин саны бир жылда 287 адамга көбөйдү

Дүйнө Загрузка... 08 Декабрь 2025 18:00
WhatsApp Image 2025-12-08 at 17.57.58.jpeg
copyright icon www

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 08.12.25 /Кабар/. Быйылкы жылы дүйнөдө доллардык миллиардерлердин саны өткөн жылга салыштырмалуу 287 адамга көбөйдү. Бул тууралуу Швейцариянын UBS банкынын жаңы изилдөөсүнө таянып, Интерфакс жазды.

Маалыматта белгиленгендей, буга чейин рекорд 2021-жылы катталып, 416 жаңы миллиардер пайда болгон. Быйыл байлыгын мурастоо жолу менен алган миллиардерлердин саны 91ге жетти. Алардын мураска алган акчасынын жалпы көлөмү 298 млрд долларды түзүп, тарыхтагы жаңы рекордду жаратты. Ал эми, алдыдагы 15 жылда миллиардерлер өз мураскерлерине кеминде 5,9 трлн доллар калтырышы мүмкүн экендиги болжолдонууда.

Жалпысынан дүйнөдө 2 миң 919 миллиардер бар. Анын 2 545и эркек жана 374ү аялдар. Алардын жалпы байлыгы бир жыл ичинде 13%га өсүп, 15,8 трлн долларга жеткен.

АКШ миллиардерлердин байлыгы боюнча алдыда турат. Алардын жалпы активдери 18% өсүп, 6,9 трлн долларды түздү. Өлкөдө миллиардерлердин саны дагы 89га көбөйүп, 924 адамга жетти. Жыл ичинде тизмеге 109 жаңы ат кирип, 18 адам чыгарып салынган.

Миллиардерлердин байлыгы боюнча экинчи орунда Азия-Тынч океан аймагы турат - 4,2 трлн доллар (+11,1%), үчүнчү орунда Европа, Жакынкы Чыгыш жана Африка - 4,1 трлн доллар (+10,4%).

Өндүрүш тармагындагы миллиардерлер байлыгын 27,1%га көбөйтүп, 1,7 трлн долларга чыгарган. Бул суммадагы эң чоң үлүш дүйнөнүн эң бай адамы Илон Маскка таандык. Ошондой эле IT секторундагы миллиардерлердин активдери 3 трлн долларды (+23,8%), финансы секторунда – 2,3 трлн долларды (+17%), керектөө товарлары жана соода-сатык багытында – 3,1 трлн долларды (+5,3%) түздү.