Бишкек, 15.05.25. /Кабар/. Күн мурун Уругвайдын мурдагы президенти Хосе Мухика каза болду. Бул тууралуу Уругвайдын азыркы лидери Яманду Орси Euronews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
“Кесиптешибиз Пепе Мухиканын каза болгонун терең кайгыруу менен кабарлайбыз. Сизди абдан сагынабыз, урматтуу президент. Бизге берген бардык нерсеңиз үчүн жана өз элиңизге болгон терең сүйүүңүз үчүн рахмат”,-деген ал.
Агенттик белгилегендей, Мухика жыл башында өзү аныкталган кызыл өңгөч рагы айыккыс экенин айтып, мекендештери менен коштошкон.
Уругвайдын мурдагы президенти бүткүл дүйнөгө белгилүү болгон. Аны өзүн-өзү эсептеген солчул саясатчылар гана эмес, оңчул көз караштагы адамдар да сыйлашкан. Кийинчерээк ал дүйнөдөгү эң жакыр президент деп аталган.
Дайыма айылдагы үйүндө жашап, айлыгынын дээрлик бардыгын кайрымдуулукка жумшачу.