Бишкек, 07.10.25 /Кабар/. Бразилияда жашаган Жоао Мариньо Нето 113 жашка толуп, туулган күнүн үй-бүлөсүнүн курчоосунда белгиледи. Бул тууралуу Гиннес рекорддор китебинин маалыматына таянып, Российская газета жазды.
Нето 1912-жылы дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Анын 6 баласы, 22 небереси, 15 чөбөрөсү жана 3 кыбырасы бар.
Нето узак жашоосунун сырын “айланамда жакшы адамдардын болушу” деп белгилейт.
Эске салсак, буга чейин дүйнөдөгү эң кары эркек наамын 112 жашка чыгып каза болгон британиялык Жон Альфред Тиннисвуд алган.
Ошондой эле дүйнө тарыхындагы эң узак жашаган адам япониялык Дзироэмон Кимура болуп саналат. Ал 2013-жылы 116 жаш курагында каза болгон. Ал эми азыркы тапта жер жүзүндөгү эң кары аял - Япониянын 116 жаштагы тургуну Томико Итоока.