Дүйнөдөгү эң чоң айсберг эригенин улантууда

Дүйнө Загрузка... 15 Сентябрь 2025 11:50
owl_detail_620_d2f2.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Бишкек, 15.09.25. /Кабар/. Планетанын эң чоң айсберги А23а кайрадан эригенин улантууда: андан төрт чоң бөлүкчө бөлүнүп, анын аянты дээрлик 20 пайызга кыскарды. Муз блогу азыр 1423 чарчы километрге жакын аянтты ээлеп, бардык айсбергдердин ичинен көлөмү боюнча лидерлигин сактап турат. Бул тууралуу Арктика жана Антарктика изилдөө институту (ААНИИ) билдирди.

Эксперттер жалпы аянты 800 чарчы километрден ашкан муз сыныктары өз алдынча жылып жатканын белгилешет. A23a өзү Түштүк Жоржия аралынын түндүгүнө сүзүп баратат жана айрым фрагменттерди түштүк-батыш агымдары алып кеткен.

Бул муз массалары кемелердин жүрүүсү үчүн коркунуч жаратпайт: алар жетишээрлик чоң болгондуктан, кемелердин радарлары аркылуу оңой байкалат. Алардын эриш процесси океандын деңгээлине да таасир бербейт — эриген суу акырындык менен бөлүштүрүлөт.

Айсберг 1986-жылы пайда болгондон бери, анын аянты 4170 чарчы километрге жеткен. Ошондон бери айсберг бир нече жолу бөлүнүп, өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Узак убакыт Уэделл деңизинде кыймылсыз турган соң, ал Антарктиданы бойлоп жай кыймылдай баштаган.

Сентябрдын башында эксперттер айсберг үчкө бөлүнүп, миң чарчы чакырымдай аянтын жоготкондугун буга чейин билдиришкен.