Дүйнөдө “жашыл” энергетиканы өндүрүү дээрлик 10 пайызга өстү

Дүйнө Загрузка... 15 Июль 2026 12:33
renewables.max-1920x1080.format-webp.webp
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 15.07.26 /Кабар/. 2024-жылы дүйнөдө кайра жаралуучу энергия булактарынан өндүрүлгөн электр энергиясынын көлөмү 9,8 пайызга көбөйдү. Ошол эле учурда көмүр, мунай жана газ сыяктуу казылып алынуучу отундан өндүрүлгөн электр энергиясынын өсүшү болгону 1,4 пайызды түзгөн.

Бул тууралуу Кайра жаралуучу энергия боюнча эл аралык агенттиктин (IRENA) жаңы баяндамасында айтылганын Казинформ кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2024-жылы дүйнөлүк электр энергиясын өндүрүүдөгү кайра жаралуучу энергиянын үлүшү 31,7 пайызга жетти.

Адистердин пикири боюнча, дүйнө климаттык максаттарга жетиши үчүн бул көрсөткүч 2035-жылга чейин 78 пайызга чейин көбөйүшү керек.

IRENAнын башкы директору Франческо Ла Камеранын айтымында, таза энергияга өтүү энергетикалык коопсуздукту чыңдап, экономиканын туруктуу өнүгүшүнө шарт түзөт. Бул үчүн жакынкы он жылда кайра жаралуучу энергияны өндүрүүнү кыйла көбөйтүү жана казылып алынуучу отундан акырындык менен баш тартуу зарыл.

Ал эми БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын аткаруучу катчысы Саймон Стил таза энергия бүгүнкү күндө мурдагыга караганда жеткиликтүү жана коопсуз болуп калганын айтты. Ошол эле учурда ал өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү климаттык каржылоо менен колдоо маанилүү экенин кошумчалады.

Аймактар боюнча көрсөткүчтөр

  • 2024-жылы кайра жаралуучу энергиядан эң көп электр энергиясын Азия өндүрдү. Бул аймакта өндүрүш 14,3 пайызга өсүп, негизги өсүш күн жана шамал электр станцияларынын эсебинен камсыздалды.
  • Европада өндүрүш 7,2 пайызга, Түндүк Америкада 5,8 пайызга, Түштүк Америкада 2,9 пайызга өстү. Ал эми эң жогорку өсүү темпи Жакынкы Чыгышта катталып, кайра жаралуучу энергия өндүрүшү 17,3 пайызга көбөйгөн.

Баяндамада белгиленгендей, 2025-жылы дүйнөдө кайра жаралуучу энергия боюнча рекорддук көлөмдө - 693 гигаватт жаңы кубаттуулук ишке киргизилген. Натыйжада кайра жаралуучу энергиянын жалпы орнотулган кубаттуулугу 5,2 тераваттка жетип, дүйнөлүк энергетикалык кубаттуулуктун дээрлик жарымын түздү.