Дүйнөдө 460 млн гектардан ашык токой деградацияга учураган

Дүйнө 30 сентябрь 2026 09:00
Дүйнөдө 460 млн гектардан ашык токой деградацияга учураган
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 30.09.26. /Кабар/. Дүйнөдө 460 млн гектардан ашык токой деградацияга учураган. Бул тууралуу БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) ”Дүйнөдөгү токойлордун абалы — 2026“ баяндамасында айтылат.

Анын маалыматына караганда, учурда 206,5 млн гектар токойду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле 1990-2025-жылдары токойлордун кыйылып жок болушунун натыйжасында дүйнөдө 489 млн гектар токой аянты жоголгон.

Уюм токойлорду калыбына келтирүүдө бак отургузуу менен гана чектелбестен, топурак, суу ресурстары, жер пайдалануу жана жергиликтүү калктын кызыкчылыктарын эске алуу зарылдыгын белгилейт.