Кыргызстанда 30 миң гектар жайытка үрөн себүү пландалууда

Коом
Кыргызстанда 30 миң гектар жайытка үрөн себүү пландалууда
copyright icon WWW

Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда 2030-жылга чейин 30 миң гектар жайытка үрөн себүү пландалууда.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, бул жайыттарды калыбына келтирүү жана алардын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында жүргүзүлөт.

"Өлкөдөгү табигый жайыттардын жалпы аянты 8 млн 985 миң гектардан ашат. Анын 184 миң гектардан ашыгы деградацияга учураган", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, 2030-жылга чейин 1 млн гектар жайытты эс алдыруу, жайыт жолдорун, көпүрөлөрдү жана мал сугаруучу жайларды оңдоо пландалууда.