Дүйнө жүзүндө өлүм азайды - статистика

Дүйнө Загрузка... 12 Сентябрь 2025 16:50
owl_detail_620_a83a.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Бишкек, 12.09.25. /Кабар/. Рак, жүрөк-кан тамыр оорулары жана диабет сыяктуу өнөкөт илдеттерден өлүмгө алып келүүчү коркунуч дүйнөдөгү беш өлкөнүн төртөөсүндө азайганы аныкталды. Бул тыянак 2010-жылдан 2019-жылга чейинки аралыкта 185 өлкөнүн маалыматына таянып жүргүзүлгөн изилдөөнүн негизинде чыгарылган. Бул тууралуу Nature журналы жазып чыкты.

Адистердин баамында, 80 жашка чейинки куракта жугушсуз оорулардан болгон өлүм-житим аялдарда 152 өлкөдө, эркектерде болсо 147 өлкөдө азайган. Айрыкча, өнүккөн өлкөлөрдүн ичинен Дания олуттуу ийгиликке жетишкен. Бул өлкөдө көрсөткүчтөр эң чоң деңгээлде төмөндөгөн. Ал эми АКШда өлүм көрсөткүчтөрү дээрлик өзгөрүүсүз калган. Индия менен Папуа - Жаңы Гвинеяда тескерисинче, өнөкөт оорулардын кесепетинен өлүм көбөйгөн. Россия дагы бул оорулардан өлүм деңгээлин азайта алган өлкөлөрдүн катарына кирген.

Изилдөөнүн авторлору бул ийгиликтерди бир катар натыйжалуу алдын алуу жана дарылоо ыкмалары менен байланыштырышууда. Мисалы, статиндер менен кан басымын түшүрүүчү дарыларды кеңири колдонуу, гепатит жана жатын моюнчасынын рагына каршы эмдөө, тамеки тартууну жана алкоголдук ичимдиктерди колдонуу деңгээлин кыскартуу сыяктуу чаралар өз таасирин берген.

Бирок, бул жетишкендиктердин ылдамдыгы 2000-жылдардын башындагыга салыштырмалуу жайыраак. Окумуштуулар муну саламаттыкты сактоо системасын каржылоонун жетишсиздиги, аялуу топтордун начар камтылышы жана алдын алуудагы артыкчылыктардын жоголушу менен түшүндүрүшөт. Кошумчалай кетсек, көптөгөн өлкөлөрдө деменция жана Альцгеймер оорусунан каза болгондордун саны көбөйүп, жалпы прогрессти басаңдаткан.

Буга чейин илимпоздор 20-кылымдын биринчи жарымында катталган жашоо узактыгынын кескин өсүшү кайталанышы күмөн экенин билдиришкен.