Бишкек, 02.06.25. /Кабар/. Индиянын Хайдарабад шаарында “Дүйнө сулуусу – 2025” сынагы өттү. Анда Таиланддын 21 жаштагы өкүлү Сучата Чуангсри жеңүүчү деп табылды.
Ал 72-жолу өткөрүлүп жаткан эл аралык иш-чарада 107 катышуучунун ичинен иргелип чыгып, сынактын таажысын кийди. Таиланд сынактын тарыхында биринчи ирет утушка ээ болду.
Ал эми, Кыргызстандын атынан "Дүйнө сулуусу - 2025" сынагына "Кыргызстан сулуусу - 2025" сынагынын жеңүүчүсү Айжан Чаначева катышты. “Кыргызстан сулуусу” улуттук сынагынын дирекциясынан билдиришкендей, анын эл аралык сынакка катышуусу кыргыз аялзатынын сулуулугун гана эмес, өлкөнүн бай маданиятын жана салтын көрсөтүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Айжан Чаначева сынактын финалына таланттуу дизайнер Louiz Tran`дын колунан жаралган ак көйнөктү кийип чыкты. Бул көйнөктү тигүүгө 200 сааттык талыкпаган эмгек жумшалганы айтылды.
Белгилей кетсек, сынакта Таиланд, Польша, Эфиопия жана Мартиниканын өкүлдөрү алдыңкы төрттүккө кирди.