Дүйнө кубогу: Мушкер Анваржан Ходжиев алгачкы атаандашын жеңди

Спорт Загрузка... 23 Апрель 2026 17:45
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 23.04.26. /Кабар/. Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын мүчөсү Анваржан Ходжиев Бразилияда дүйнө кубогун жеңиш менен баштады.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, кыргызстандык мушкер мелдешке 50 кг чейинки салмак ченинде катышууда.

Ал алгачкы беттешинде Япониянын өкүлү Даичи Ивейге каршы чыгып, 3:2 эсебинде жеңишке жетишти.