Дүйнө кубогу: Мунарбек Сейитбек уулу алгачкы беттешин жеңиш менен баштады

Спорт Загрузка... 23 Апрель 2026 10:10
3.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 23.04.26 /Кабар/. Кыргызстандык мушкерлер Бразилияда өтүп жаткан 2026-жылкы дүйнө кубогундагы жүрүшүн ийгиликтүү башташты.

60 кг чейинки салмак ченинде күч сынашкан Париж Олимпиадасынын финалисти Мунарбек Сейитбек уулу армениялык атаандашын 5:0 эсебинде ишенимдүү жеңип, чейрек финалга чыкты.

Ошондой эле Омар Ливаза турнирдеги алгачкы беттешинде финляндиялык спортчуну жеңип, кийинки баскычка жолдомо алды.