Бишкек, 07.07.26 /Кабар/. Португалия курама командасынын капитаны Криштиану Роналду Дүйнө чемпионатынан четтеп калгандан кийин улуттук курамадагы карьерасын жыйынтыктоо тууралуу суроого жооп берип, ачууга алдырып шашылыш чечим кабыл албай турганын билдирди.
Дүйшөмбү күнү Португалия курамасы АКШ, Канада жана Мексикада өтүп жаткан дүйнөлүк биринчиликтин 1/8 финалында Испания курамасына (0:1) утулуп калды. Бир күн мурун Роналду бул Дүйнө чемпионаты ал үчүн акыркысы болорун жарыялаган. Оюндан кийин португалиялык чабуулчунун көзүнө жаш алганы байкалган.
"Курама командадагы карьерам боюнча, адегенде үй-бүлөм менен кеңешем. Күйүп-бышып, шашылыш чечим чыгаргым келбейт. Мен бул жактан капалуу кетип жатам, бирок виждонум таза, себеби колдон келгендин баарын жасадым", - деген Роналду.
Криштиану Роналду учурда 41 жашта. Ал дүйнөлүк биринчиликтерге катышуунун саны боюнча (экөө тең 6 жолудан) аргентиналык Лионель Месси менен биргеликте рекордду бөлүшүп келет. Ошондой эле ал тарыхта алты Дүйнө чемпионатында тең гол киргизе алган жалгыз футболчу болуп саналат.
"Алтын топтун" беш жолку ээси бул мелдешке жалпысынан 27 оюн өткөрүп, 11 гол соккон. Учурдагы чемпионатта ал хорваттардын дарбазасына (2:1) пенальтиден топ киргизип, өз карьерасында биринчи жолу дүйнө чемпионатынын плей-офф этабында гол киргизүүгө жетишти.