Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тайпалык баскычынын экинчи айлампасында Өзбекстан менен Португалия курама командалары кез келди.
"К" тобунда орун алган бул командалардын беттеши АКШнын Хьюстон шаарында өттү. Анда Португалияга өзбекстандыктар 5:0 эсебинде жеңилип калды. Беттешке марокколук башкы арбитр Жалал Жаед калыстык кылды.
Белгилей кетсек, бул эки курама команда өз тарыхында биринчи жолу расмий түрдө жашыл аянтта жолугушту. Буга чейинки биринчи турдун алкагында Португалия Конго менен тең чыкса, Өзбекстан курамасы Колумбияга 1:3 эсебинде утулуп калган болчу.
Бул маанилүү оюн учурунда Бишкек жана Чолпон-Ата шаарында боордош Өзбекстандын курама командасын колдоо максатында атайын фан-зона уюштурулуп, кыргызстандык күйөрмандар беттешке түз эфирде күбө болушту.