Дүйнө чемпионаты: Кыргыз хоккейчилери үчүнчү жеңишти камсыздады

Спорт 22 Январь 2026 15:08
619419523_903965795309972_3530230703268696090_n.jpg
619602564_903965738643311_2082394816125309911_n.jpg
619770361_903965735309978_5859489760068043389_n.jpg
619266259_903969175309634_4398493846418677705_n.jpg
619327281_903965761976642_8701987070272399686_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 22.01.26. /Кабар/. Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курама командасы катары менен үчүнчү жолу жеңишке жетти.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, 21-январда турнирдин үчүнчү айлампасында Кыргызстандын курама командасы Ирандын курамасын 15:1 эсебинде ири жеңишке жетишти. Биринчи бөлүктө 8:0 эсебинде алдыга чыкты.

Бул беттеште Алихан Али-Аскаров төрт шайба, Умар Эгембердиев менен Егор Лещенко үчтөн шайба киргизүү менен айырмаланды.

Үч айлампанын жыйынтыгында Кыргызстандын жаштар курама командасы 9 упай топтоп, турнирдик жадыбалда ишенимдүү түрдө биринчи орунду ээледи.

Белгиленгендей, бүгүн саат 20:00дө Кыргызстандын курамасы Люксембургдун курама командасына каршы ойнойт.