Дүйнө боюнча 7 миңге жакын ак илбирс жашайт – Көчөров

Экология 2693 23 Октябрь 2025 13:30
WhatsApp Image 2025-10-23 at 13.30.31.jpeg
WhatsApp Image 2025-10-23 at 12.35.13 (2).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-10-23 at 13.30.31.jpeg
WhatsApp Image 2025-10-23 at 12.35.13 (2).jpeg
Алдыга
Артка

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 23.10.25 /Кабар/. Дүйнө жүзүндө болжол менен 7 миңге жакын ак илбирс жашайт. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Ак илбирсти жана анын экосистемасын коргоо боюнча Глобалдык катчылыктын директору Чыңгыз Көчөров билдирди.

Анын айтымында, бирок ак илбирстин так санын аныктоо мүмкүн эмес. Анткени ак илбирс адам жетпеген жана сейрек изилденген тоолуу аймактарда да жашайт. Аларды байкоо жана эсептөө өтө татаал процесс.

“Ошондуктан так санын айтуу мүмкүн эмес, бирок болжолдуу көрсөткүчтөрдү негиз кылып жатабыз. Жыл сайын ак илбирсти коргоо боюнча мамлекеттер аралык жыйын өтөт. Жыйында ар бир өлкө өзүнүн санак жүргүзүү методологиясы менен бөлүшөт. Ар бир өлкөнүн санак жүргүзүү методологиясына анализ жүргүзүлөт. Анализ жүргүзүүнүн аркасында өзүбүзгө ыңгайлуу методологияны иштеп чыгып ал боюнча санак жүргүздүк”,-деди ал.

Ал кошумчалагандай, акыркы санак боюнча өлкөдө 500дөн ашуун ак илбирс бар.

“Бирок, дагы бир ирет баса белгилеп айта кетейин, бул так сан эмес. Болжолдуу түрдө эсептелген сан”,-деп белгиледи ал.