Бишкек, 19.03.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламенттин бүгүнкү жыйынында "КР депутатынын статусу жөнүндө" мыйзамдын 33-беренесине өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Демилге депутаттардын илимий, педагогикалык жана чыгармачылык ишмердүүлүгүнүн так аныктамасын берүүгө багытталган.
Маалымдалгандай, колдонуудагы мыйзам боюнча ар бир мамлекеттик кызматкер жана Жогорку Кеңештин депутаттары илимий-педагогикалык жана чыгармачылык менен алектенүүгө укуктуу. Бирок бул иш алардын негизги кызматына тоскоолдук кылбашы керек.
"Мыйзамдын 33-беренесинде бул иштерди аткарууга уруксат берилгени менен, алардын алкагы кенен жазылган эмес. Мисалы, эгер депутат ыр жазып, аны сатса, Салык кодекси боюнча ал ишкер катары саналат. Ишкерлик менен алектенүү депутаттык мандаттан ажыратууга негиз болушу мүмкүн. Ошондуктан аталган мыйзамдын 33-беренесине илимий, педагогикалык жана чыгармачылык иштердин аныктамасын киргизүү боюнча сунуш киргизип жатам", — деди эл өкүлү.
Мыйзам долбоорунун максаттары:
- Депутаттарга негизги ишине кошумча катары уруксат берилген иштин түрлөрүн так аныктоо;
- Илимий, педагогикалык жана чыгармачылык ишмердүүлүк терминдерин чечмелөөдөгү карама-каршылыктарды жоюу;
- Депутаттарды мандатынан мыйзамсыз ажыратуу тобокелдиктерин алдын алуу.
Талкуунун жыйынтыгында, сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен "КР депутатынын статусу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.