Бишкек, 25.06.25. /Кабар/. “Жашыл мурас” акциясынын алкагында республика боюнча миллиондогон бак-дарактар тигилди. Бирок азыр алардын абалы кандай, өсүп жатабы? Мындай суроону депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында узатты.
Эл өкүлү бак-дарактарды отургузгандан кийин аларды сугарууга жана өсүп кетүүсүнө жергиликтүү бийлик органдары көңүл буруу керектигин белгиледи.
“Президент Садыр Жапаров 3 жыл мурда “Жашыл мурас” боюнча жарлык чыгарган. Район-шаарларда бактар тигилди. Кандай бактар өсүп жатат? Бактарга эмне болду? Отчеттор жазылып жатат 8 млн отургуздук деп. Ирригация барбы, ушундай ысыкта бак-дарактар өспөй жатат, суусу жок. Өзгөчө Бишкектеги абалды карасаңар. Сейил бак, гүл бакчалардагы бактарга суу жетпей жатат же аз болуп жатат. Жарлыктын негизинде жергиликтүү органдар бак-дарактарды карап жатышабы, 3 жыл ичинде алар өстүбү? Жарлыктын алкагында жөн гана бактарды отургузуу эмес, аларга кам көрүү иштери да бар да”, - деди Бекешев.