Депутаттар Жайлообай Нышанов жана Райимберди Дүйшөнбиев ант беришти

Жогорку Кеңеш 25 февраль 2026 10:20
Депутаттар Жайлообай Нышанов жана Райимберди Дүйшөнбиев ант беришти

Бишкек, 25.02.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Жайлообай Нышановдун жана Райимберди Дүйшөнбиевдин ант берүү аземи болуп өттү.

Белгилей кетсек, Жайлообай Нышанов №15 көп мандаттуу шайлоо округунан шайланып келсе, Райимберди Дүйшөнбиев №14 көп мандаттуу шайлоо округунан шайланган.

Жаңы депутаттар өз арызынын негизинде кеткен депутаттар Нурланбек Тургунбек уулу жана Кундузбек Сулаймановдун ордуна келишти.