Депутаттар төрагалыкка талапкерлерди көрсөтүү үчүн тыныгуу алышты

Жогорку Кеңеш Загрузка... 12 Февраль 2026 11:25
hd-1756635871148_dM.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 12.02.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар төрага кызматына талапкерлерди тандоо үчүн тыныгуу алышты.

Депутаттык топтор кеңешмеге кетишти.

Вице-спикер Чыңгыз Ажибаев саат 12:00гө чейин тыныгуу жарыялады.

Бүгүнкү күндө парламентте 5 депутаттык топ бар:

  • "Ата-Журт";
  • "Мекенчил";
  • "Элдик";
  • "Ала-Тоо";
  • "Адилет Кыргызстан";

Депутаттар Элвира Сурабалдиева, Болот Ибрагимов жана Эрулан Көкүлов өздөрүнүн ишмердүүлүгүн жеке тартипте жүргүзүшөт.

Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу өз каалоосу менен кызматынан кетүү чечимин кабыл алган.