Депутаттар спортчулардын эмгек стажы жана спортту өнүктүрүү маселесин талкуулады

Жогорку Кеңеш Загрузка... 12 Март 2026 12:23
WhatsApp Image 2026-01-22 at 18.03.06 (2).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 12.03.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, кабыл алышты.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси – министрлер кабинети.

Мыйзам долбоору спортчулардын профессионалдык ишмердүүлүгүн эмгек стажына кошуу тартибин жөнгө салуу, майыптыгы бар адамдар үчүн спорт менен машыгууга тийиштүү шарттарды түзүү, спорттук-массалык иш-чараларда көрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо эрежелерин бекемдөө жана спорттук федерациялар менен мамлекеттик органдын ортосундагы кызматташтыкты тартипке келтирүүгө багытталган.

Талкуу учурунда депутаттар Дастанбек Жумабеков жана Жаныбек Аматов спортчулардын эмгек стажын эсепке алуу жана аларды социалдык коргоо демилгесин кубатташты.

Депутат Дастан Бекешев мектеп жана студенттик лигаларды уюштуруу аркылуу массалык спортту өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.

Ал эми депутат Уланбек Жаанбаев спорттук шаймандарды өлкөгө алып кирүүдө бажы алымдарынан бошотуу жана олимпиадалык эмес спорттун түрлөрүн колдоо маселесин көтөрдү.