Депутаттар мас айдоочуларга жазаны күчөтүүнү I окууда колдоду

Жогорку Кеңеш 1335 15 Январь 2026 13:27
615136328_1197026985943855_200094409584098586_n (1).jpg
614881505_1197026979277189_5569900647374820179_n (1).jpg
615136328_1197026985943855_200094409584098586_n.jpg
615417859_1197027092610511_1815615197523200843_n.jpg
615426820_1197027285943825_79478584790690142_n.jpg
615436463_1197027345943819_4277835309064980664_n.jpg
615440426_1197027392610481_2606726445804677934_n.jpg
615447223_1197027145943839_8261284391931254381_n.jpg
615722897_1197027149277172_3000743895012045189_n.jpg
615823082_1197027262610494_3105253539411769874_n.jpg
616155402_1197026982610522_5602593613885598249_n (1).jpg
616155402_1197026982610522_5602593613885598249_n.jpg
617003637_1197027389277148_6041898114541252697_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 15.01.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында "Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралды.

Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоору КР президентинин "Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.

Баяндамачы, ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетовдун айтымында, мас абалында жасалган, бир же бир нече адам өлүмү болгон оор кесепеттерге алып келген эреже бузуулар үчүн жоопкерчиликти күчөтүү, жабырлануучу менен жарашуу жолу аркылуу кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу сунушталууда. Ошондой эле жазалардын даражасын кайрадан карап чыгуу, эркиндигинен ажыратуунун узак мөөнөттөрүн белгилөө жана пробацияны колдонуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу сыяктуу өзгөртүүлөр сунушталды.

"Мындан тышкары, мопеддерди механикалык транспорт каражаттарына теңеп, аларды башкаруу үчүн "А1" категориясындагы айдоочулук күбөлүктү милдеттендирүү каралууда", - деди Октябрь Урмамбетов.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.