Бишкек, 16.02.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине, КР "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамына)" мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.
Маалыматты ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев сунуштады.
Анын айтымында, мыйзам долбоору кайырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү, анын коомдук тартипке тийгизген терс таасирин жоюу, жолдордун жүрүүчү бөлүгүндө кайырчылыкты жоюу аркылуу жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу, калктын аялуу катмарын кайырчылык максатында эксплуатациялоодон коргоону камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.
Долбоордун милдеттери коомдук жайларда, анын ичинде жолдордун жүрүүчү бөлүгүндө тажатма кайырчылык кылгандыгы үчүн жоопкерчиликти караган укуктук ченемдерди белгилөө, калктын аялуу топторун кайырчылыкка тартуунун алдын алууга багытталган чараларды көрүү, мындай аракеттер үчүн катаал жаза чараларын колдонуу, ченемдерди кайрадан бузган чет өлкөлүк жарандарды өлкөдөн чыгаруу үчүн укуктук негизди камсыз кылуу болуп саналат.
Талкуунун жүрүшүндө депутат Бурун Аманова коомдук жайларда жана жолдордун жүрүүчү бөлүгүндө кайырчылык кылуу көйгөйлөрдү, анын ичинде жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч келтирерин белгилеп, макулдугун билдирди.
Депутат Медина Кайрылбекова мындай укук бузууларды жасаган чет өлкөлүк жарандар маселесин көтөрдү.
Мындан тышкары, депутаттар "Министрлер кабинети менен Беларусь өкмөтүнүн ортосундагы реадмиссия жөнүндө 2025-жылдын 29-сентябрында Минск шаарында кол коюлган макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырышты.