Бишкек, 16.02.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, маданият жана спорт боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Айнура Орозбаеванын жоктугуна нааразы болушту.
Күн тартибине ылайык, эл өкүлдөрү «Эмгек, социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда кароону пландашкан. Бул маселе боюнча Айнура Орозбаева баяндама жасамак. Бирок жыйындын жүрүшүндө министрлер кабинетинин өкүлү баяндамачы кечигип жатканын айтып, маселени кароону жылдыра турууну суранды.
Комитеттин төрайымы Токтобүбү Ашымбаева мындай көрүнүш системалуу түрдө кайталанып жатканын белгилеп, нааразычылыгын билдирди.
Ал бул маселени кароону кийинкиге калтырууну жана ошондой эле министрдин орун басарынын жоопкерчилигин карап чыгууну сунуштады.
Депутаттар бул мыйзам долбоорун кароону башка күнгө жылдырышты.