Депутаттар асыл тукум мал чарбачылыгы жөнүндөгү мыйзам долбоорун кабыл алды

Жогорку Кеңеш Загрузка... 04 Март 2026 14:00
AV91TQ9q.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 04.03.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" мыйзам долбоору III окууда кабыл алынды.

Демилгечи – министрлер кабинетинин төрагасы.

Маалымат менен Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитеттин төрагасы Бакыт Тентишев тааныштырды. 

Мыйзам долбоору асыл тукум жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү максатында иштелип чыккан. Анын негизинде өлкөдөгү мал чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, мыйзамдардагы кемчиликтерди жоюу үчүн Кыргызстанда асыл тукум ишин регламенттештирүүчү жана жөнгө салуучу мыйзам алдындагы актыларды иштеп чыгуу сунушталууда.

Ошондой эле жыйында "Геодезия, картография жана мейкиндик дайындары жөнүндө" мыйзам долбоору дагы каралып, экинчи окууда колдоо тапты. 

Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоору менен бир топ жаңы түшүнүктөр ("геомаалымат системасы", "геомаалыматтык технологиялар" ж. б.) киргизилүүдө.

Ошондой эле мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары такталууда. 

Мындан тышкары, мейкиндик маалыматтарын иштеп чыгууда, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муктаждыктары үчүн картографиялык ишкердүүлүктү жүзөгө ашырууда мейкиндик маалыматтарынын мамлекеттик фондунда камтылган мейкиндик маалыматтарын жана материалдарды, бирдиктүү электрондук картографиялык негиздин маалыматтарынын милдеттүү пайдаланышы да каралган.