Бишкек, 18.03.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева парламенттин трибунасын жеке маселелерди талкуулоо үчүн колдонууга каршы чыкты.
Анын айтымында, өткөн чакырылышта көтөрүлгөн темалар жеке мүнөздө деген жүйө менен аны сүйлөтпөй коюшкан.
Эл өкүлү билдирүү жасоонун өзүнүн себептери, анын ичинде кысым көрсөтүү жана жалган маалыматтарды таратуу фактылары болгонуна карабастан, бул маселелерди парламент трибунасынан талкууга алып чыкпай жатканын белгиледи.
Сурабалдиева мындай темалар үчүн ЖМК жана подкасттар сыяктуу башка аянтчалар бар экенин, ал эми Жогорку Кеңеште жарандардын кызыкчылыктарына жана өлкөнүн актуалдуу көйгөйлөрүнө тиешелүү маселелер көтөрүлүшү керектигин баса белгиледи.
Депутаттын пикиринде, парламенттик трибуна жеке даттануулар жана дооматтар үчүн колдонулбашы керек.
Эскерте кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Көкүлов төрага Марлен Маматалиевден 10 мүнөттүк сөз сурап, анда анын укуктарын бузгандыгы айтылган журналисттерди жана Кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлерин сынга алган.