Депутат жеке клиникаларда анализдердин баасы 5 миң сомго чейин жетерин айтты

Жогорку Кеңеш Загрузка... 21 Январь 2026 11:55
1.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 21.01.26. /Кабар/. Учурда жеке клиникаларда бир анализдин баасы 500 сомдон 5 миң сомго чейин жетет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүн Өмүрзаков билдирди.

Ал айлык акы менен пенсиянын көлөмү өскөнү менен, жарандар акчасынын көбүн дары-дармекке жана анализ тапшырууга жумшап жатканын белгиледи.

"Бизде бюджет өсүп жатат, ошондуктан мамлекеттик лабораториялардын ишин күчөтүү үчүн аларга материалдык жардам көрсөтүшүбүз керек. Ошондо жарандарга анализ тапшыруу арзаныраак болот", — деди ал.