Бишкек, 12.02.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо мезгилинде тынчтыкты сактоо талаптарына өзгөчөлүк киргизүүнү сунуштады.
Ал биринчи окууда каралып жаткан мыйзам долбоорунда Жаңы жыл үчүн ушундай эле өзгөчөлүк каралганын белгиледи — 31-декабрдан 1-январга караган түнү саат 22:00дөн 03:00гө чейин тынчтыкты сактоо талаптары колдонулбайт.
Жумабеков мындай ченемди 31-августка — Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө да жайылтууну сунуштады.