Бишкек, 05.02.26. /Кабар/. Депутат Жылдыз Садырбаева Ленин районунун Лущихин көчөсүнүн тургундарынын даттанууларын айтып чыкты.
Анын айтымында, заводдон күн сайын жагымсыз жыт чыгып турат.
"Завод санитардык нормаларды сактабай, эреже бузуулар менен курулган. Анын тосмосу жеке турак үйгө тийип турат", - деп белгиледи ал.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев завод үйлөргө караганда эртерээк курулганын айтып жооп берди.
"Coca-Cola – экологияга чоң көңүл бурган дүйнөлүк ачык компания. Ал жерден зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышы мүмкүн эмес", - деп кошумчалады ал.