Депутат Таалайбек Сарыбашов ант берди

Жогорку Кеңеш Загрузка... 19 Февраль 2026 14:45
image1.jpg
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 19.02.26. /Кабар/. Бүгүн, 19-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында №8 көп мандаттуу шайлоо округунан шайланган Таалайбек Сарыбашовдун ант берүү аземи болду.

Таалайбек Сарыбашов Ош шаарынын мэри кызматына дайындалган депутат Жанарбек Акаевдин ордуна келди.