Депутат соцконтракттын суммасын көбөйтүүнү сунуштады

Жогорку Кеңеш Загрузка... 29 Январь 2026 14:50
WhatsApp_Image_2025_rJbp7IW.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 29.01.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Токтобүбү Ашымбаева аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо максатында берилген “Социалдык контракт” программасынын суммасын көбөйтүүнү сунуштады.

Анын айтымында, 150 миң сом каражатка бүгүнкү күндө жакшы бир иш баштоого деле мүмкүн эмес.

“Социалдык контракттын суммасы 100 миңден 150 миң сомго көбөйдү. Бүгүнкү күндө 150 миң сом менен анчалык чоң иш баштоого мүмкүн эмес. Балким ошонун суммасын жогорулатуу маселесин карап көрөсүздөр. Ушул сунушту тиешелүү мамлекеттик органдар менен карап, өзгөртүү киргизүү маселесин карайсыздар”,- деди эл өкүлү.