Депутат Шайырбек Ташиев мандатын тапшырат

Коом 14 март 2026 14:20
Депутат Шайырбек Ташиев мандатын тапшырат

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 14.03.26 /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев мандатын тапшырат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Шайырбек Ташиевден Боршайкомго анын депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу арыз келип түшкөн.

Буга байланыштуу бүгүн, 14-мартта БШК депутаттын арызын жыйында карайт.

Белгилей кетсек, Шайырбек Ташиев №11 шайлоо округу боюнча 24 миң 302 добуш алып депутат болуп шайланган.