Депутат Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырат

Коом 15 март 2026 13:40
Депутат Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырат

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 15.03.26 /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясына Нурланбек Азыгалиевден Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу арыз түштү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине БШКдан билдиришти.

Буга ылайык, 15-мартта БШК анын арызын жыйынында карайт.

Белгилей кетсек, Азыгалиев 12 миң 20 добуш алып, №17 шайлоо округунан шайланып келген. Ал ”Эл үмүтү Ата-Журт” депутаттык тобунун мүчөсү болуп саналат.