Бишкек, 25.02.26 /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламенттин жыйынында мектеп формасын ыңгайлуу кийимге алмаштырууну сунуштады.
Эл өкүлү белгилегендей, дресс-код түшүнүгүнө тарыхый көз караш менен кароо керек.
"Мектеп формасынын тарыхы орто кылымдагы чиркөө тартибинен жана Англиядагы кедейлер үчүн ачылган мектептерден башталып, кийин дүйнөгө жайылган. Андан соң элиталык мектептер өздөрү үчүн атайын формаларды ойлоп табышкан. Ошентип, ал акырындык менен бүт дүйнөгө жайылган. Бирок, бардык эле өлкөлөрдө окуучулар биздегидей костюм, шым, жилет жана галстук тагынып жүрүшпөйт. Бизде ушундай кийинбесең, мугалим урушат. Мага Ош, Ысык-Көл жана Баткенден мектеп окуучулары кайрылып, кышы-жайы бул форма ыңгайсыз экенин айтышууда. Аймактардан көптөгөн арыздар келүүдө ", - деди Бекешев.
Бекешев бул Советтер Союзунан калган эски тартип экенин баса белгиледи.
"Кытайда балдар спорттук кийим менен жүрүшөт. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, мындай кийим менен жүрүү ден соолукка пайдалуу. Мен спорттук костюм менен жүрүүнү эмес, жок дегенде smart casual (эркин стиль) стилине өтүүнү сунуштайм. Эмне үчүн балдарга футболка, кофта жана джинсы менен келүүгө болбойт, ал эми кыздар эмне үчүн дайыма юбка кийиши керек?", - деп нааразы болду депутат.
Ал министрлер кабинетине мектептер форманы өздөрү тандап алышы үчүн нормативдик-укуктук актыларды жумшартуу жана кабыл алуу өтүнүчү менен кайрылды.
"Мен атүгүл депутаттардан баштоону сунуштайт элем. Эл аралык протоколдорду, костюм жана галстук менен келе турган жерлерди түшүнөм. Бирок, бардык эле парламенттерде пиджак жана галстук менен жүрүшпөйт. Бул кийим ыңгайсыз. Эски талаптарды, өзгөчө, келген конокторго болгон талаптарды алып салуу керек. Эмне үчүн күзөтчү жарандын эмне кийип жүргөнүн текшериши керек?" - деп билдирди депутат.