Депутат: Майыптыгы бар балдардын үй-бүлөлөрү 7–8 миң сом менен жашоого аргасыз

Жогорку Кеңеш Загрузка... 21 Январь 2026 16:40
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 21.01.26 /Кабар/. Депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин жыйынында майыптыгы бар жарандарга тийиштүү деңгээлде көңүл бурууга чакырды.

Анын айтымында, эң башкы маселелердин бири – жөлөк пулдар системасын жакшыртуу.

“Майыптыгы бар жарандардын ассистенттери болгону 7 миң сом гана алышат. Ал эч нерсеге жетпейт. Ар бир үй-бүлөнүн абалы ар кандай. Кээ бирөөлөрдүн туугандары көп, айрымдардыкы жок. Эгер үй-бүлөдө бирөө майып болуп, экинчиси аны карап отурса, экөө тең иштебесе, алар бул каражат менен кантип жашашат?”-деди депутат.

Ошондой эле Марлен Маматалиев өзгөчө муктаждыгы бар балдар үчүн реабилитациялык борборлордун жоктугу олуттуу көйгөй экенин белгиледи. Анын айтымында, Мурас-Ордо конушунда шал (ДЦП) оруусу менен ооруган 50гө жакын бала жашайт. Бирок, алар үчүн реабилитациялык борбор жок.

863210.34d89fe.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
“Мындай борборлорду куруу маселесин карап чыгууну сунуштайм. Ооруган балдарын карап отурган ата-энелер иштей албайт. Бул көйгөй шаардын бардык райондорунда актуалдуу”,- деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек шаарында майыптыгы бар балдардын апалары Садыр Жапаровго менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жардам сурап кайрылышкан. Алар социалдык тармактарга видео кайрылуу жасап, ай сайын 8 миң сом жөлөк пул аларын, бирок дары-дармектер кымбат же дарыканаларда таптакыр жок болуп жатканын айтышкан.

Көйгөйдү дагы да курчутуучу жагдай - мындай балдардын көбүн жалгыз бой энелер тарбиялап жаткандыгы. Алар иштебей, жөлөк пул менен гана күн көрүүгө аргасыз. Кыргызстанда өзгөчө муктаждыгы бар балдар үчүн мамлекеттик реабилитациялык борборлор дээрлик жок, ал эми жеке менчик кызматтар айына 60–80 миң сомду түзүп, толук кандуу реабилитация көпчүлүк үй-бүлөлөр үчүн жеткиликсиз бойдон калууда.

Ошондой эле энелер турак жай алууда да кыйынчылыктар бар экенин айтып, бул маселени чечүүгө жардам сурашкан. Алардын видео кайрылуусу социалдык тармактарда тез тарап, коомчулуктун көңүлүн бурган.